Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Бир суткада 2 миңден ашык адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1256 | 0

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 16 кишиден табылды. Бул тууралуу расмий штабга шилтеме жасап жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ага ылайык, Нур-Султан шаарында — 337, Алматы шаарында — 598, Шымкент шаарында — 20, Акмола облусунда — 90, Актөбеде — 85, Алматы облусунда — 363, Атырауда — 34, Чыгыш-Казакстанда — 20, Жамбыл облусунда — 51, Батыш-Казакстанда — 113, Караганда облусунда — 203, Костанай облусунда — 30, Кызылорда облусунда — 51, Мангыстау облусунда — 9, Павлодар облусунда — 57, Түндүк-Казакстанда — 31, Түркестан облусунда – 24 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан бери жалпы 273 миң 825 адам коронавирус менен катталган.

Коронавирустан 4 адам каза болуп, 227 жаңы учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM