Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 4 адам каза болуп, 227 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1411 | 0

13-апрелге карата соңку сутка аралыгында коронавирустан 4 бейтап каза таап, инфекциялык вирус жуктурган 227 жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бир жаран Чүй облусунда орун алды.

Вирус аныкталган жаңы учурлар аймактар боюнча:

— Бишкек шаарында 141 адам;

— Чүй облусунда 64 адам;

— Ысык-Көл облусунда 9 адам;

— Ош шаарында 6 адам;

— Ош облусунда 2 адам;

— Баткен облусунда 2 адам;

— Нарын облусунда 1 адам;

— Жалал-Абад облусунда 1 адам;

— Талас облусунда 1 адам.

Эпидемия башталгандан бери өлкө боюнча 1532 адам коронавирустан улам көз жумган. Ал эми COVID-19 диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 90 599га жетти.

Соңку сутка ичинде 124 адам врустук оорудан жакшы болгон. Коронавирус жуктуруп алган жалпы 86 152 бейтап сакайды.

COVID-19: Дарыланып жаткан 200дөн ашык бейтаптын абалы оор

Copyright © 2017 Maral FM