Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дарыланып жаткан 200дөн ашык бейтаптын абалы оор

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1144 | 0

Республикалык штаб билдиргендей, учурда COVID-19 диагнозу аныкталган 932 бейтап стационардык түрдө дарыланууда. Алардын ичинен:
20 адам (2,1%) — канааттандыраарлык абалда;
666 (71,4%) — орто оордукта;
213 (22,8%) — оор абалда;
33 (3,5%) — өтө оор абалда.

Ошондой эле вирус табылган 1017 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Акыркы сутка ичинде 4348 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ага ылаййык, бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

Бишкек – 1
Чүй облусу – 1
Ош шаары – 1
Талас облусу – 1

Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4311 учур катталды, алардын ичинен 4241 медкызматкер сакайды.

Коронавирустан 4 адам каза болуп, 227 жаңы учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM