Биз менен байланышыңыз

Байкоочу: Кыргызстанда колдонулуп жаткан система Орусияда жок

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1709 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Орусиядан келген эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы шайлоо процесси тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда шайлоо маселелери боюнча эксперт, «Орусия тандайт» коомдук кыймылынын тең төрагасы Елена Бабченкова, Эл аралык илгерилетүү борборунун төрагасы Роман Чуков, «GR-group» консалтинг агенттигинин тең уюштуруучусу Андрей Громов жана «Орусия тандайт» коомдук кыймылынын тең төрагасы Александр Закускин катышууда. Байкоочулар шайлоого эртеден бери көз салып келгенин, андагы мыйзам бузуулар жана жетишкендиктер боюнча маалымат беришти. 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумда шайлоо өнөктүгүндө спекулятивдик даттануулар байкалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Орусиядан келген эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлү, «GR-group» консалтинг агенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири Андрей Громов билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзамын одоно бузуу учурлары, тактап айтканда, жарандын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар жок. Анткен менен спекулятивдик даттануулардын саны көп. Орусиядан келген өкүлчүлүк ар бир аймактан 5-7 шайлоо тилкесине барып, шайлоонун жүрүшүнө көз салган.

«Мен бир учурду байкадым. Бир адам бюллетенди урнага сала албай жатканын көргөн комиссиянын төрагасы демилгелүү адам катары бюллетенди урнага салууга жардам берүүнү чечет. Бир нече байкоочу бул мыйзам бузуу деп жазып баштады. Бирок төрага добуш берүүгө шарт түзүүнү гана каалаган болчу. Байкоочулар миссиясы – маанилүү коргоочу миссия. Анткени, шайлоо — жарандардын бийликке түздөн-түз аралашуусуна жол ачкан өнөктүк. Биздин милдетибиз кийлигишүү эмес, жыйынтыктын жарандардын көз карашына тийгизген таасирине байкоо салуу. Ошондой эле биз БШКга түшүп жаткан даттанууларды карайбыз», — деди Громов.

Миссиянын дагы бир мүчөсү, «Орусия тандайт» коомдук кыймылынын тең төрагасы Александр Закускин мыйзам бузуу кординациялык мүнөздө болбогон учурларда да БШК айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган деп эсептейт. Анын пикиринде, убактысын бөлүп, атайын шайлоого келген 100-200 адамдын добушун жокко чыгарбай эле койсо болмок. Ошондой эле Закускин жарандарды идентификациялоо тутумунун ишин айтып, бюллетендер кыргыз жана орус тилдеринде экендигин баса белгиледи. Ал Кыргызстандагы шайлоо атаандаштык шартта өтүп жатканына көңүл бурду.

«Анча-мынча мыйзам бузуулар менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатат. Бир же эки мыйзам бузуунун айынан 100 адамдын добушун жокко чыгарып салуу демократиялык принциптерге туура келбейт. Ал эми дагы бир нерсени белгилеп кетким келет, добуш берүү учурунда тил көйгөйлөрүнө байланыштуу суроолор жок. Бул маанилүү, анткени республика көп улуттуу, тилди билгендер бар жана билбегендер да бар», — деди Закускин.

Учурда жергиликтүү кеңештерге шайлоо да, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум да эл аралык укуктун принциптерине ылайык өтүп жатат. Мындай пикирин Орусиядан келген эл аралык байкоочулар тобунун өкүлү, шайлоо боюнча эксперт, «Орусия тандайт» коомдук кыймылынын тең төрагасы Елена Бабченкова билдирди. Ал шайлоочуларды идентификациялоо тутумуна өзгөчө көңүл бурганын, азыркы Кыргызстандагы система прогрессивдүү экенин, Орусияда азырынча мындай система жоктугун айтты.

«Мындай система айрым мыйзам бузууларды толугу менен ачык билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай система менен шайлоочунун өзүнөн башка эч ким добуш бере албайт. Тилкелерди кыдырып жүрүп, «Кандай мыйзам бузуулар болушу мүмкүн?» — деп ойлондум. Шайлоочу идентификацияланат, эгерде ал идентификациядан өтпөсө, добуш бере албайт. Андан тышкары электрондук урналардан да добуштарды саноодо мыйзам бузуулар болушу мүмкүн эмес. Учурда шайлоо да, референдум да эл аралык укуктун принциптерине ылайык өтүп жатат. Ошондой эле шайлоо процессинин ачыктыгын белгилегим келет. Биздин өкүлдөрүбүз барган жана катышкан бардык шайлоо тилкелеринде партиялык байкоочулардын саны көп. Ар бир шайлоо тилкесинде 7-10 байкоочу болгондо жакшы болот, анткени анда мыйзам бузуулардын болуп калышы мүмкүн эмес», — деди Бабченкова.

«Эл аралык илгерилетүү борбору» фондунун төрагасы Роман Чуков калктын катышуусун көрсөткөн маалыматтар дароо экранга чыгып жатканын өнүгүүнүн бир жолу катары карайт.

«Келечекте эмне болорубузду билбейм. Эл аралык байкоочу катары менде салыштырып көрө турган нерсе бар. Мисалы, бизде Орусияда мындай система жок. Менин түшүнүгүм боюнча, мындай системаны калктын ар кандай масштабдарында уюштурууда кыйынчылыктар бар. Дегеним, Кыргызстан Орусиядан бир аз чакан да. Бирок бул тажрыйба мен үчүн абдан кызыктуу. Бардык тажрыйба жалпысынан позитивдүү таасирин тийгизип жатат. Биз көргөн система жана тажрыйбаны башка өлкөлөргө да сунуштайбыз», — деди Чуков.

Бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 25 чет өлкөдөн келген 179 журналист чагылдырып жатат. Ошондой эле Кыргызстандан шайлоого байкоо салуу жана элге маалымат берүү үчүн 11 коомдук уюм, 200дөн ашуун маалымат булагы каттоодон өткөн.

Бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда. Ушул эле күнү жаңы Башмыйзам боюнча долбоорго жалпы элдик добуш берүү — референдум өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM