Биз менен байланышыңыз

Президенттик шайлоо: Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1752 | 0

Түштүк Кореянын аймагындагы №9042 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы социалдык тармактарга жарыяланды.

Аталган аймак менен Кыргызстандын ортосунда 3 саат айырмачылык бар. Мындан улам Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды.

Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 163 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 63ү Садыр Жапаровго добуш беришкен. Ошондой эле Адахан Мадумаровго 29, Бабуржан Төлбаевге 18, Мыктыбек Арстанбекке 14, Клара Сооронкуловага 13 адам добуш берген. Баарына каршы 2 адам. Калган талапкерлер 7ден кем добуш алган.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны — 3 млн 558 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 48и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

Якутиядагы шайлоо тилкесинин жыйынтыгы чыкты. Жапаров көп добуш алды

Copyright © 2017 Maral FM