Биз менен байланышыңыз

Якутиядагы шайлоо тилкесинин жыйынтыгы чыкты. Жапаров көп добуш алды

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Янв 2021 | 1930 | 0

Орусиянын Якутск шаарындагы добуш берүү тилкеси шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык, президенттик шайлоо боюнча эң көп добушту (529) Садыр Жапаров алганын көрүүгө болот. Ал эми дагы бир талапкер Адахан Мадумаровго 37 адам добуш берген. Эльдар Абакировго 7, Мыктыбек Арстанбек 6, Имамидин Ташов 4, Бабыржан Тольбаев 3, Канат Исаев 1, Клара Сооронкулова 1, Улукбек Кочкоров 1 добуш алган. Шайлоого жалпы 594 адам катышып, анын ичинен 5 бюллетень жараксыз деп табылган.

Саат 16:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 946 миң 104 жаран добуш берди. Бул — 26,55 пайыз.

Чет мамлекеттерде 7384 жаран шайлоого катышты, бул 14,92 пайызды түздү.

Президенттик шайлоо: Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM