Биз менен байланышыңыз

БШК укук коргоо органдарына тренинг өткөрөт

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 462 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы туруу боюнча тренинг өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чара алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бербөө максатында жүргүзүлөт. Көчмө иш-чара 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында башталып, 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырышат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен административдик ресурс колдонуунун жана добуш сатып алуунун жоопкерчилиги талкууланат. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жана юридикалык ченемдерди колдонуу тартиби кенен түшүндүрүлөт. Ошондой эле чара көрүү жолдорун да талкуулашат.

Тренингди БШК Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун колдоосу алдындагы «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте өткөрөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн 63 талапкер арыз берди. Аталган шайлоону, референдум жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 2020-жылдын бюджетинен 500 млн сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM