Биз менен байланышыңыз

Талапкерлердин шайлоо фонду: Ким канча акча топтоду жана кайда жумшады?

Күн чекит , Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 30484 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 31-декабрга карата Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин шайлоо фондуна каражаттардын келип түшүүсү жана анын чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

БШКнын маалыматына караганда, 31-декабрга карата талапкерлердин шайлоо фондуна жалпы 114 млн 258 миң 464 сом чогулган. Анын ичинен 105 млн 470 миң 992 сому сарпталган.

Чүчү кулактын негизинде №1 болуп катталган талапкер Садыр Жапаров каражат чогултуу жагынан да, коротуу жагынан да алдыңкы орунга чыкты. Тактап айтканда, Жапаровдун шайлоо фондуна 62 млн 49 миң 700 сом топтолгон, учурда анын 57 млн 531 миң 126 сому жумшалды.

Садыр Жапаров топтогон акчанын 15 млн сому «жеке каражаты» болуп саналат. Талапкердин өзүнүн айтымында, ал мындай сумманы абакта жаткан кезинде «элден» алган.

«Пенсионерлер өз пенсияларын мага берип жатышат. Мен түрмөдө отурганда, адамдар да мага акча, тамак-аш, кийим-кече беришкен. Үч жылдан бери эл мени бакты», — деген Жапаров Баткендеги шайлоочулар менен жолугушканда.

Калган 47 млн сом эки коммерциялык компаниядан жана 12 жарандан түшкөн. 6,5 млн сомду Нурбек Калмурзаев аттуу жаран которгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Нурбек Калмурзаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Баястан» ресторанына ээлик кылат.

Андан кийинки ыктыярдуу демөөрчү Раушан Сейталиева аттуу жаран өз ыктыяры менен 5 млн сом которгон. Ал мындай жардамды биринчи жолу көрсөтүп жаткан жок. Буга чейин парламенттик шайлоодо да «Республика» партиясынын эсебине 200 миң сом которгонун «Клооп» сайты жазып чыкты.

Дагы бир ыктыярдуу которуу «Евразия-Строй-Сервис» компаниясынын директору Ильзбек Апызов аттуу жаранга таандык. Ал Жапаровдун шайлоо фондуна 5 млн сом которгон. Апызов буга чейин Жогорку Кеңештин III чакырылышына Бакиевдин «Ак жол» партиясынан депутат болуп шайланган.

Дагы бир 5 млн сомду Жогорку Кеңештин IV чакырылышына «Ак жол» партиясынын тизмеси менен шайланган, экс-спикер Зайнидин Курмановдун кызы Малика Курманова которгон.

Булардан тышкары Абубакир Турганбаев аттуу ишкер 4 млн сом, «КЕЙ ДЖИ ИННОВАЦИИ» компаниясы 3 млн сом берген.

Эми коротуу жагына келсек, сарпталган 57 млн 531 миң 126 сомдун көпчүлүгү жарнама жаатына жумшалган:

«Рубикон» жарнама фирмасына маалыматтык-үгүттүк материал басып чыгаруу үчүн 3 млн 471 миң сом которгон;

КТРКдагы жарнамалык-маалыматтык материал үчүн 1 млн сом короткон;

«KIRLand» компаниясынан стикерлерди жана дубал календарларды жасатуу үчүн 3 млн сомго чукул акча кеткен.

Полиграфиялык өндүрүмдү төлөө үчүн «Лэйбл» компаниясына 1 млн 95 миң сом берген.

Булардан тышкары жарнамаларды жайгаштыруу, стадиондорду ижарага алуу үчүн да бир далай акча сарпталган.

Фондуна көп акча чогулгандардын экинчи сабында Бабыржан Төлбаев турат. Ал  14 млн 224 миң 572 сом топтогон. Анын «берешен» тааныштары азбы же өзү ушунча байбы, айтор, фондун дээрлик жеке каражаты менен эле толуктап турат. Азыркыга чейин ал 10 млн 872 миң 523 сом коротту.

Төлбаев полиграфия өндүрүмү үчүн 1,5 млн сом, СММ кызматы үчүн 300 миң сом бөлгөн. Калган каражаттын баары кызмат көрсөтүү, тейлөө, жарнама сыяктуу иштерге жумшалган.

Үчүнчү орунда Абдил Сегизбаев, төртүнчү орунда Имамидин Ташов турат. Алардын шайлоо фондуна 4 миллион сомдон ашуун каражат чогултулган.

Мындан тышкары Аймен Касенов, Женишбек Байгуттиев, Равшан Жээнбеков 3 млн сомдун тегерегинде каражат чогулта алган.

Ал эми Курсан Асанов, Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаровдун шайлоо фондуна 2 млн сомдун тегерегинде акча түшкөн. Калган талапкерлер 1 млн сомдон ашуун акча жыйнаган.

Эң аз акча топтогон жана короткон — талапкерлердин арасындагы жалгыз айым Клара Сооронкулова. Ал жалпы 1 млн 128 миң 650 сом чогултуп, учурда анын 1 млн 50 миң 80 сомун короткон.

Белгилей кетсек,Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайлануу үчүн ат салышкан талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын талабына жана мыйзамга ылайык, ар бири фонд ачууга тийиш. Андагы бардык каражат ачык-айкын көрсөтүлүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM