Биз менен байланышыңыз

Шайлоо процессине эл аралык байкоочулардын баасы

Кыска кабар , Саясат | 4 Окт 2020 | 678 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо процессине 277 эл аралык байкоочу көз салды. Алар жалпысынан шайлоонун уюштуруу иштерине оң баасын беришти. Алсак, пандемия, кээ бир каржылык маселелерге карабастан жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ден соолугун коргоо жаатында бир топ иштер алынып барылганын белгилешти. Өлкө боюнча шайлоо тилкелеринде 7 миңден ашуун медицина кызматкери саламаттыкка көз салып, 10 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышканын мисал келтиришти. Ошол эле учурда, эл аралык байкоочулар айрым сунуштарын да айтышты.


Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери жакшы иш алып барууда. Мындан сырткары ар бир этапта жардам берген ыктыярчылар да бар экен. Шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын тизмеси, саясий партиялардын талапкерлери тууралуу түшүнүктүү жана так маалыматтар илинген. Баарынан да, шайлоочулардын жигердүүлүгү кубантты. Алсак, эртең мененки саат 10-11лерде айрым участоктордо шайлоочулардын 15%ы добуш берип бүткөн. Мындай бааны эл аралык байкоочу, Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Александр Кинёв берди.

Ал бир нече шайлоо тилкесинде болуп, партиялардын байкоочулары менен маектешип, суроо узатканын кошумчалады.

— Партиялардын байкоочулары БШКнын уюштуруу иштерине эч кандай  нааразычылыгын билдирген жок. Баары канааттандырарлык. Эртең менен бир нече шайлоо участкаларында болуп, шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо салдык. Дароо айтайын, бизге баары жакты. Атап айтканда,  участкага кире бериште бизди атайын кызматкерлер тосуп алып, тийиштүү коргонуу каражаттарын беришти. Кээ бир шайлоо тилкелеринде кезек күтүүлөрдү да көрдүк. Менин баамымда бир тилкеде кезек 100 метрге жетип калган. Мындай жигердүүлүк кубантпай койбойт.

Катышкан шайлоочулардын көптүгүнө карабай, санитардык талаптар, социалдык аралык сакталып жатты. Андыктан, шайлоо коронавирус менен ооругандардын санынын өсүшүнө таасир этпейт. Мындай пикирин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги миссиясынан келген эл аралык байкоочу Шеремет Михаил билдирди.

Анын айтымында, биометрикалык маалыматтардын негизинде шайлоо өткөрүү — эң мыкты ыкма.

— Урналар иштебей калганда 1-2 мүнөттө оңдоп жатышты. Улгайган адамдардын биометрикалык маалыматтары кээде чыкпай калып жатты. Жалпысынан одоно эреже бузуу, кемчиликтерди көргөн жокпуз. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыккан соң, биздин отчет да даяр болот.

Эл аралык байкоочу Виктор Гуминскийдин ою боюнча, шайлоо ачык-айкын өтүүдө. Анткени шайлоочу биометрикалык маалыматтын негизинде добуш берип жатат. Бирок форма №2 менен добуш бергендер көп экени байкалды. Алсак, бир шайлоо тилкесинде форма №2 менен 380, башка участкада 240 шайлоочу добуш берери жазылган. Бул: «Эмне үчүн жарандар шайлоо дарегин өзгөртөт?» — деген күмөндүү ой жаратат.

— Бир тилкеде форма №2  менен добуш берүүчүлөр шайлоочулардын 50%дан ашыгын түзөт экен. Бул боюнча өзүбүздүн сунуштарды беребиз. Жалпысынан азыркыдай шайлоо комплексин КМШ өлкөлөрүнөн биринчи болуп Кыргызстанда көрүп жатабыз. Пандемия, айрым каржылык маселелерге карабай, уюштуруу иштери мыкты деңгээлде ишке ашкан. Аялдардын, жаштар канатынын дебаттары уюштурулган. Булар мурда жок болчу. Мындан сырткары, беткап, колкап берип, жарандардын дене табы өлчөнүүдө. Шайлоо участкалары дээрлик өз убагында ачылды.

Айта кетсек, парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу келди. 234 байкоочу чет өлкөдөн келсе, 43ү Бишкекте катталган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.

Copyright © 2017 Maral FM