Биз менен байланышыңыз

Саат 14.00гө карата референдумга катышуу 19%ды түздү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1341 | 0

Бүгүн саат 14.00гө карата Кыргызстанда 700 миң шайлоочу референдумга добуш берди. Бул жалпы катталгандардын 19,41 пайызын түздү.

Референдумга добуш берүүгө жалпы 3 млн 606 миң 201 адам катталган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов брифингде кабарлады.

Анын ичинде:

Бишкек шаарында — 65 740;

Ош шаарында — 39 786;

Жалал-Абад облусунда — 147 321;

Ысык-Көл облусунда — 57 977;

Нарын облусунда 46 459;

Ош облусунда — 151 356;

Талас облусунда — 35 037;

Чүй облусунда — 95 465;

Баткен облусунда — 59 504;

Чет өлкөлөрдө — 1355 шайлоочу добуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM