Биз менен байланышыңыз

Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү (фото)

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1824 | 0

Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун боорунда гана өскөн  Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу «Фейсбук» колдонуучусу Салир Каримов жарыялады.

Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын баштарында алгачкы гүлдөрүн ачат. 20-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүл ача баштайт. Анын гүлдөшү апрель айынын аягына чейин созулат.

Эске салсак, Айгүл гүлү Кыргызстандын Баткен облусунда гана өсөт.

Copyright © 2017 Maral FM