Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун боорунда гана өскөн Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу «Фейсбук» колдонуучусу Салир Каримов жарыялады.⠀
Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын баштарында алгачкы гүлдөрүн ачат. 20-апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүл ача баштайт. Анын гүлдөшү апрель айынын аягына чейин созулат.
Эске салсак, Айгүл гүлү Кыргызстандын Баткен облусунда гана өсөт.