Биз менен байланышыңыз

Асаналиев: Өзгөндө үч талапкерге 7 миң сомдон айып салынды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1314 | 0

Кечээ, 10-апрелде Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чыңгыз Айтматов орто мектебинин директору жана үч талапкер кабинетте сүйлөшүп жатканы боюнча аймактык комиссияга арыз түшкөн. Аталган арыздын негизинде Ички иштер министрлиги тарабынан директордун үстүнөн админресурс колдонуу беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев «Маралга» билдирди.

«Бирок «Жалпы иш» коомдук фонду ага ынанбай, «чара көрүп бергиле» деп бизге кайрылды. Биз кечээ үч талапкерге айып пул салдык. Ар бирине 7 миң сомдон айып пул салынды» , — деди Асаналиев.

БШКнын жумушчу тобуна 34 арыз келип түшкөн

Copyright © 2017 Maral FM