Биз менен байланышыңыз

Президент Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү менен жолукту

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1671 | 0

Президент Садыр Жапаров Эл аралык финансы корпорациясынын Борбор Азиядагы өкүлү Кассандра Колберт менен биргелешкен кызматташуу келечегин талкуулады.

Садыр Жапаровдун айтымында, инвесторлор менен иштөөнү жакшыртуу, ошондой эле алардын ишмердигине зарыл кепилдиктерди берүү максатында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулатылып, ыйгарым укуктары кеңейтилет. Ошондой эле бул максатта тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу, аны менен бирге башка зарыл чараларды ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын жыйынтыгында бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эркин жана ачык-айкын шарттар түзүлөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруудагы биргелешкен ишти күчөтүүнүн маанисин белгилеп, Күн нуру менен иштеген ГЭС куруу долбоорунун үстүндө иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү Кассандра Колберт кыргыз тараптын айткан артыкчылыктуу багыттары уюмдун жакынкы келечектеги приоритеттерине толугу менен дал келерин белгиледи.

Ал жогоруда айтылган долбоорлорго жаңы инвестицияларды тартууда өлкөнүн мүмкүнчүлүгү кенен экенин кошумчалап, анын жакшы географиялык абалын эске алып, Кыргызстанда аймактык транзиттик аба-хабын түзүү мүмкүнчүлүгүнө токтолду. Ал өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна жакшы таасирин тийгизет.

«Биз Кыргызстандын экономикасын коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен тезирээк калыбына келтирүү жана жарандардын жашоо-турмушун жогорулатуу боюнча биргелешип иштөөгө даярбыз», — деди Кассандра Колберт.

Copyright © 2017 Maral FM