Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун үчүнчү толкунуна 200 млн сом камдалды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1634 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) тарабынан коронавирустун үчүнчү толкунуна 200 млн сом даярдалды. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Артурбек Жуманазаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларда 227 млн сомго дары-дармек бар.

«Бир айлык керектөө 95 млн сом деп эсептелген. Бизде 227 млн сом бар, бул эки айга кенен жетет. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дагы 57 клиникага дары-дармек берилген», — дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 89 миң 660 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 607 киши айыгып чыкса, 1 миң 516 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM