Биз менен байланышыңыз

9-апрелде Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылат

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1674 | 0

Ушул жылдын 9-апрелинде Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов «Facebook» баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, калкты тейлөө борбору Бишкектеги «Эльдорадо» соода түйүнүндө жайгашкан. Ал мекемеде ишкерлерди тейлөө борбору да болот.

«Борборлор заманбап, учурдун талабына жооп берет. Мындан тышкары бир топ райондордо да борборлор ачылмакчы. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Мунун баары кезектерди жоюу, кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү багытында жасалууда. Калкты тейлөө борборлору эми 6 күн иштейт. Бул да болсо эл үчүн жардам болот деп ойлойм», — дейт Марипов.

Ал белгилегендей, өлкөнү санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM