Биз менен байланышыңыз

Кытайда 1 млн адам өзбек-кытай вакцинасы менен эмдөөдөн өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1773 | 0

Кытайда Өзбекстан менен биргеликте коронавируска каршы рекомбинанттык вакцина жасалды. Бул тууралуу «УзА» билдирди.

Кытайлык «Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutical Co ltd» компаниясынын башчысы Ли Ванцзюндун айтымында, бул вакцинанын 3,5 миллион дозасы жакында Өзбекстанга жеткирилет.

Кытайда бир миллион адам ушул «ZF-UZ-VAC-2001» вакцинасы менен эмделди. Вакцина сайгандан кийин терс таасир байкалган жок.

Ли Ванцзюн квалификациялуу адистерди тартуу менен Өзбекстанда башталган эмдөөлөрдүн зарылдыгына көңүл бурду. Бул процессти туура уюштуруу эмдөөдөн улам пайда болгон аллергиялык реакцияларды тез арада жоюуга мүмкүндүк берет.

Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө өткөрүлгөн коронавирус вакцина сыноолоруна жети миң ыктыярчы катышкан. Бул изилдөө вакцина коопсуздугунун жогорку деңгээлин көрсөттү.

Ошондой эле, Кытай Илимдер академиясынын демилгеси менен 40ка жакын эл аралык илимий уюмдар жана жогорку окуу жайлары менен биргеликте түзүлгөн Эл аралык Илимий Уюмдар Альянсынын (ANSO) башчысы Жинхуа Цао Өзбекстан биринчилерден болуп ийгиликтүү сыноодон өткөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM