Биз менен байланышыңыз

Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы түзүлдү (тизме)

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1338 | 0

Шералы Камчыбеков Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы, Лунара Жолдошева төраганын орун басары болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн, 1-апрелде Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамынын биринчи отурумунда кабыл алынгандыгын кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Кеңештин төрагасы жана анын орун басары бир жылга ачык добуш берүү менен шайланат.

Кеңеш Судьялар кеңеши тарабынан шайланган соттордон, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, парламенттик көпчүлүк жана Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясы тарабынан шайланат жана тогуз мүчөдөн турат.

Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы:

  1. Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич
  2. Барыктабасова Элмира Бектургановна
  3. Динеев Мирад Сагынбекович
  4. Дүйшөналиев Болоткан Жекшенович
  5. Жолдошева Лунара Чаткалбековна
  6. Камчыбеков Шерали Равшанбекович
  7. Качкыналиева Динара Шахтербековна
  8. Сатылганов Бакытбек Ыдырысович
  9. Сулайманов Жолдошбек Атакеевич

Copyright © 2017 Maral FM