Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 493 | 0

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Талас облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун, ошондой эле Чүй, Ош, Ысык-Көл, облустарынын кээ бир жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Мамлекет башчысынын аталган талапкерлер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

Чүй облусу:

Сейталиев Бекболот Мырзабекович.

Аламүдүн райондук соту:

Жээнбекова Аида Бекеновна;
Рыспекова Жаркын Кубатбековна;
Шанкаев Талгат Токтоназарович;
Шералиев Саматбек Абдуллаевич.

Ысык-Ата райондук соту:

Курманалиева Аида Абдынасаровна.

Кемин райондук соту:
Атаканова Назгул Калиевна;
Калиева Клара Джакшылыковна.

Москва райондук соту:
Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович;
Байзаков Нурлан Марданович;
Сулайманов Атабек Абдышевич;
Узбекова Халида Асанкуловна;
Усубалиев Бакыт Токтогазиевич.

Жайыл райондук соту:

Айтмолдоев Бактыбек Аскарович.

Панфилов райондук соту:

Эралиев Бектурсун Толонаалыбекович.

Токмок шаардык соту:

Арстанбек кызы Айпери;
Иманбеков Бактыбек Орозбаевич.

Ош облусу

Ош облусунун административдик соту:

Досалиев Акылбек Кубатбекович.

Ош шаардык соту:

Турдукулов Тилек Ураимжанович.

– Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл райондук соту:

Оторбаева Айзада Жумабековна.

Талас облусу

Талас облустук соту:
Тункатаров Омурлан Амангельдиевич;
Эстебесов Курал Калыгулович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM