Биз менен байланышыңыз

Айрым жергиликтүү судьялар ротация болду (тизме)

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 1005 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун 3 жарлыгы менен мурдагы райондор аралык соттордун судьяларын судьялык кызмат орундарынан бошотуу менен алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата мындан ары судьялык ыйгарым укуктарын административдик сотто жүргүзүү үчүн жергиликтүү соттордо иштеп жаткан судьялар которулду (ротацияланды):

— Чүй облусунун:

Эрлан Асанов;

Айнура Ахметова;

Ашырбек Курманов;

Шааркүл Осмонова;

Нурлан Султаналиев;

— Бишкек шаарынын:

Алымкулов Айдарбек;

Абдыкадыров Куралбек;

Досмамбетова Чолпон;

Эгембердиева Анар;

Эшалиев Азис.

—   Ош облусунун:

Абдыкадырова Зарина;

Досалиев Акылбек;

Сарыбаев Бакыт.

—    Жалал-Абад облусунун:

Каипова Нурила;

Мажитов Бакытбек.

—    Ысык-Көл облусунун:

Даркимбаев Таалайбек;

Тагаев Мелис;

—    Баткен облусунун:

Жаманкулов Мелис;

Туленбаев Таирбек;

—      Талас облусунун:

Ибраимов Темирбек;

Нартаев Нурман;

—      Нарын облусунун

Чагалдакова Махабат;

Ошону менен бирге 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын иш-чараларын жүзөгө ашырууда, атап айтканда, жарандардын сот адилеттигине тоскоолдуксуз жетүүсүн түзүүнү жана сот системасындагы ашыкча тепкичтерди жок кылууда Соттук реформа боюнча кеңештин ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Жогорку Соттун экономикалык иштердин караштуулугун өзгөртүп, аларды райондук сотторго өткөрүп берүү менен райондор аралык сотторду административдик сотторго алмаштыруу жөнүндө сунуштары макулдашылган.

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамы ушул жылдын 11-апрелиндеги № 39 Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кийин бул мыйзамдын жоболоруна Мамлекет башчы тарабынан кол коюлуп, ушул жылдын 28-апрелиндеги № 34 «Эркин Тоо» гезитине расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин, атап айтканда, 2020-жылдын 8-майында күчүнө кирген.

Аталган мыйзамда жергиликтүү соттордун түзүмүндөгү «Райондор аралык» деген түшүнүктү «Административдик» деп алмаштыруу каралган. Мында кайра уюшулган деп түшүнүүгө болот жана «Судьялардын статусу жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 23-беренесине ылайык, мурдагы райондор аралык соттордо иштеп жаткан судьялар Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча алардын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карата административдик сотторго которулат (ротацияланат).

Белгиленген мыйзамдын жоболоруна ылайык, экономикалык иштердин караштуулугу да өзгөртүлгөн, мында алар райондук соттордун карамагына өткөрүлүп берилет, ал эми административдик соттор Административдик процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык административдик иштерди гана карайт.

Ушуга байланыштуу сот органдары административдик иштер боюнча сот адилеттигин жүргүзүүнү административдик сотторго, ал эми экономикалык иштер боюнча райондук сотторго ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесин чечүүнү баштады.

 

Copyright © 2017 Maral FM