Биз менен байланышыңыз

Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрайымы болду

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 764 | 0

Нургүл Бакирова Жогорку Соттун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде Судьялар кеңеши Жогорку Соттун төрайымын жана анын орун басарын шайлашты.

Судьялар бир добуштан буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Нургүл Бакированын талапкерлигин төрайым кызматына колдошту.

Ал эми Жогорку Соттун төрайымынын орун басарлыгына судья Качыке Эсенканов шайланды.

Copyright © 2017 Maral FM