Биз менен байланышыңыз

Ош жана Бишкекте айрым соттор кызматтан алынды

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 635 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облустук сотунун судьясын жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясын мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Ош облустук сотунун судьялары Абдрасул Шамшиев жана Назымбек Матраимов өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыгы чыкты.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши берген сунуштун негизинде кабыл алынган.

Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы судьянын кынтыксыздыгы боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Президентке сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы бул сунуштарды карап чыгып, аты аталган сот кызматкерлерин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM