Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эл аралык сотто коргонуу үчүн юридикалык компания издейт

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 913 | 0

Укуктуу катышуучуларды арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, третей сотторунда жана башка адистешкен соттордо Кыргыз Өкмөтүнө/ Кыргыз Өкмөтүнөн доо арыздар боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөө үчүн юридикалык кызматтарды көрсөтүүгө ачык тендер жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.

Тендерге катышуу үчүн толтурулган өтүнмөлөрдү көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүү керек: center.court.rep@gmail.com.

Эске салсак, буга чейин соцалдык тармактарда Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык соттордо когогон юридикалык компанияларга карата ар түрдүү нааразычылыктар жана сындар айтылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM