Биз менен байланышыңыз

Жолдошев: Кыргызстан эл аралык сотто 24 млн долларга утулду

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 2084 | 0

Кыргызстан эл аралык соттон 24 млн долларга утулду. Бул тууралуу юрист Жоомарт Жолдошев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал доонун ээси канадалык «Стэнс Энержи Кей Джи” компаниясы экендигин жана Кутессай-II кени боюнча болгонун жазган.

«Эл аралык арбитражды 2013 — жылы баштаган. Так ушул сотко катышкан доогер тараптын юристтери шылдыңдап, Кыргызстанды коргогон юристтерди кайдан таап алгансыңар деген»- деп жазган юрист Жоомарт Жолдошев.

Жолдошев ошондой эле, учурда мындай өзөктүү көйгөйлөр менен эч кимдин иши жок экендигин айтып, кызыктар тараптар Кыргызстандын бюджетинен миллиондогон акчаларды жеп жаткаын айткан.

Мындын сырткары ал мындай коррупция жана соттошуу инвестициялык климатка жана ишкерлике түздөн-түз таасирин бере тургандыгына токтолгон.

Кошумчалай кетсек, «Кутисай Майнинг” ААКсы Өкмөттүн 2009-жылдын 1-декабрындагы №725 токтомунун негизинде  Кутессай-II  (Кемин району, Ак-Түз айылы) кенине лицензия алган. Токтомдо Өкмөт тарабынан тоо-кен тармагынын өнүгүүсүн жандантып, мамлекеттин кирешелерин максимализациялоонун натыйжалуу ыкмаларын киргизүү менен кендерди изилдөө иштерин тездетүү маселеси  каралган.

2009-жылдын 29-декабрында STANSENERGYCORP компаниясы кол алдындагы «Стэнс Энержи Кей Джи” ЖЧКсы аркылуу Фондулук биржада  37 млн 620 миң сомго «Кутисай Майнинг” ААКнын 100 % акциясын сатып алган. Акцияны сатып алган учурда «Стэнс Энержи Кей Джи” ЖЧКсы мөөнөтү 2029-жылга чейин болгон Кутессай-II кенине лицензияга ээлик кылып турган.

Бирок, 2013-жылдын 15-апрелдеги Бишкек шаарынын аймактар аралык сотунун чечими менен Кутессай-2 кенинин иши токтотулган.

Сейрек кездешүүчү жер алдындагы кендерди өндүрүүчү Кутессай II кени 1992-жылга чейин Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинаты тарабынан иштетилген. 1995-жылы РЕSАК программасы менен токтотулган. Кендин запасы 20,4 млн тоннаны жана 52,1 миң тонна сейрек кездешүүчү жер алдындагы кендердин запасы бар.

Copyright © 2017 Maral FM