Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 304 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1068 | 0

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата COVID-19 инфекциясына каршы 304 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы бир суткада жалпы 112 адам эмделген. Бишкекте – 127 адам, Ошто – 123 адам, Чүй облусунда – 54 адам эмдөөдөн өткөн.

Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгаштырылган.

Чүй облусунда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту ачылган.

Ошондой эле, Ошто №8 жана №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 2 пункт ачылган.

Биринчи этапта жандандыруу бөлүмүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасынын, тез жардам дарыгерлери, оорунун очогунда иштеп жаткан эпидемиологдор, андан тышкары мугалимдер, Чек ара, Бажы кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери эмделишет.

Эмдөөнүн биринчи күнү: Алгачкы эмоциялар, күтүлгөн реакциялар

Кошумчалай кетсек, 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы Кыргызстанга 19-мартта келип, 29-мартта жалпы эмдөөнүн биринчи этабы башталган. Алгачкылардан болуп вакцинаны Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

Copyright © 2017 Maral FM