Биз менен байланышыңыз

Орусияда соңку суткада 336 бейтап коронавирустан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 768 | 0

Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында дагы 9088 адамдан коронавирус тастыкталды. Алар федерациянын 84 аймагында катталганын өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Пандемия башталгандан бери Орусиянын аймагында жалпы 4 млн 519 миң 832 адамга коронавирус жуккан. Учурда 482 миң 192 бейтап медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууда.

Ошол эле учурда акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында дагы 336 адам коронавирустун кесепетинен каза тапты. Алардын көбү Москва шаарында – 52 адам жана Санкт-Петербург шаарында – 33 бейтап көз жумган.

Орусияда жалпы 97 миң 740 адам коронавирустан каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM