Биз менен байланышыңыз

Дашков Ташкентте «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну талкуулады

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 1458 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков 16-17-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон  жумушчу сапарында «Узбекистон темир юллари» ачык акционердик коомунун төрагасы Хуснутдин Хасилов менен жолугушту. Бул тууралуу 24-мартта аталган ишканын расмий сайты жарыялады.

Эки тараптуу кызматташуунун алкагында тараптар «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун жүрүшү жана башка бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Дашков «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча түзүлгөн үч тараптуу эксперттик жумушчу топтун негизги максаты бардык тараптардын позицияларын тактоо экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ушул жылдын май айынан баштап жумасына 1 жолу, беш айлык мөөнөткө Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багытында жүргүнчү каттам ачуу макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM