Биз менен байланышыңыз

Президент Абдыганы Эркебаев менен жолугушту

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 913 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Абдыганы Эркебаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин ассамблеясы улуттар аралык ынтымак жаатындагы маанилүү институттардын бири болуп саналат жана бул багытта Президенттин аппараты менен тыгыз иш жүргүзүп келет.

Ошондой эле ал учурда улуттар аралык биримдикти жана мамилелерди чыңдоого багытталган «2021-2026-жылдарда Кыргыз жарандарынын инсандыгын өнүктүрүү» концепциясын иштеп чыгуу үчүн көз карандысыз эксперттерден турган мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.

Ошону менен бирге Абдыганы Эркебаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга, анын ичинде имаратты оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүү өтүнүчүн айтты.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылдын 13-ноябрындагы Жарлыгы менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин макамы жогорулап, Президентке караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү мекеме болгон.

Copyright © 2017 Maral FM