Бүгүн, 26-мартта Бишкекте «COVID-19 учурундагы кыргызстандыктардын үнү» аттуу электрондук китептин бет ачары болду. Китеп 700 беттен турат. Анда 150 жаран өздөрү туш болгон окуяларды айтып беришкен.
Китептин өзгөчөлүгү ар бир жаран өз окуясын жазып калтыра алат. Китептин авторлору: журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Кайыргүл Урумканова. Ал 10 ай ичинде жазылган.
Иш-чарага экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Дамира Ниязалиева, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана башка коомдук ишмерлер, дарыгерлер, медайымдар жана ыктыярчылар катышты.