Connect with us

Акыркы суткада дагы 100 адамда коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 550 | 0

Бүгүн, 26 — мартка карата республика боюнча COVID-19дун 100 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 62 бейтап айыгып чыкты.

Мындан сырткары сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны  87 миң 858ке жетип, алардын ичинен 84 миң 469 адам айыкты. Мунун ичинен 1494 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM