Биз менен байланышыңыз

Марипов Ташкенттеги «Яшнабад» технопаркына барды

Кыска кабар | 26 Мар 2021 | 540 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Марипов жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов көргөзмө залдарын кыдырып, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукциялар коюлган күркөлөрдү жана өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгышты. Ал жерден делегация мүчөлөрү газ эсептегичтерин, өнөр жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насоссторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык завод менен таанышты. Аталган технопарк жогорку технологиялык өндүрүштү түзүүгө, экспортко жана импортту алмаштырууга багыт алган өндүрүштүк ишканалар тобун түзөт.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Яшнабад» технопаркындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан ары карай ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.

Андан соң Премьер-министр жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Программалык продуктулар жана маалыматтык технологиялар паркына барышты. Инновациялык шаарчада маалыматтык, каржылык технологиялар, электрондук коммерция, электрондук билим берүү жана биотехнология сыяктуу багыттар боюнча келечектүү баштапкы долбоорлорду колдоого алган инкубациялык жана өнүктүрүү программалары иштейт.

Делегация мүчөлөрүнө ошондой эле медициналык тез жардамды башкаруунун автоматташтырылган тутуму көрсөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM