Биз менен байланышыңыз

Путиндин коронавируска каршы вакцина алгандан кийинки абалы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 935 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн соң, абалы жакшы экенин айтты. Бул тууралуу анын катчысы Дмитрий Песков жарыялады.

«Ал ийгиликтүү эмдөөдөн соң, өзүн жакшы сезип жатат», — деди Песков.

Владимир Путин 23-мартта коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Анын кайсы вакцина менен эмделгени жөнүндө так айтылган жок. Маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин Орусияда жасалган ата мекендик үч вакцинанын бири менен эмделерин айткан. Ошондой эле президент эмдөөдөн өткөнүн башка өлкө башчылары сыяктуу коомго жарыяланбай турганын кошумчалаган.

Коронавируска каршы эмделген дүйнөлүк лидерлер (фото)

Министр: Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM