Биз менен байланышыңыз

Баткенде жумушсуз аялдарга ишкердигин өнүктүрүү үчүн грант берилди

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 598 | 0

Баткен шаарында 20 аял инсандык өнүгүү, бизнести пландаштыруу боюнча окутууга катышкан.

Алар кулинарияны, тигүүчүлүктү, жасаган иштерин социалдык тармактар аркылуу жайылтууну, товарды же кызматты жарнамалоону, күнөскана иштетүүнү, өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын базар талабына ылайык кургатууну, бизнес-план түзүүнү үйрөнүшкөн.

Окутуулардын жыйынтыгы менен бизнес-план түзгөн 8 аял ар бири 400 долларлык грантка ээ болушту. Өз бизнесин түптөөнү максат кылган кыз-келиндерге ишмердүүлүгүнө зарыл болгон жабдуулар ыйгарылды.

Бул саамалык «Диалог, ишеним, укук» коомдук бирикмесинин «Баткен шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында аялдар зомбулукка кабылган жарандарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү, стресстен өзүн алып чыгуу боюнча да окутуулардан өтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM