Биз менен байланышыңыз

Марипов Өзбекстанга иш сапары менен барды (фото)

Кыска кабар | 25 Мар 2021 | 563 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга эки күндүк жумушчу сапары менен барды. Аны Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов тосуп алды.

Марипов Өзбекстандын борборунда 25-26-март күндөрү болот.

Жумушчу сапардын алкагында өкмөт башчы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.

Мындан тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.

Премьер-министрди Ташкентке кимдер коштоп кетти? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM