Соңку суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт чыккан облус-шаарлар:
— Бишкек шаарында — 1,
— Чүй облусунда — 2,
— Ош, Ысык-Көл, Талас облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.
Кара-Жыгач конушунда үч кабаттуу турак үйдүн 5 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Кесепетинде 1959-жылы туулган эркек киши каза болуп, сөөгү милицияга өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.