Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия: Өзбекстанда коронавирустун «оор учурлары» көбөйүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 653 | 0

Кыргызстанда 24-мартка карата COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки адам каза болду. Пандемия башталгандан бери 1492 көз жумду.

Акыркы бир сутка ичинде 115 адамдан коронавирус табылды. Анын эң көбү Бишкекте аныкталды. Пандемия башталгандан бери 87 миң 652 адамга вирус жукту.

24-мартка карата 65 адам коронавирустан айыгып, былтыртан бери бул вирустан сакайгандардын жалпы саны 84 миң 339га жетти.

Стационарда – 474 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
4 адам (0,8%) — канааттандыраарлык абалда;
319 (67,2%) — орто оордукта;
133 (28%) — оор абалда;
18 (3,7%) — өтө оор абалда

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 119 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 81 миң 678 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 80 миң 45 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 96 киши айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 1010 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 191 адам оор, 85 бейтап өтө оор абалда.

Акыркы сутканын ичинде Казакстандын аймагында 1088 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус тастыкталды. Өлкөнүн ыкчам штабынын маалыматы боюнча, алардын ичинен 380 бейтап Алматы шаарында, 152 адам Нур-Султан шаарында.

Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 235 миң 95 адамга коронавирус жуккан.

Copyright © 2017 Maral FM