Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан башаламандыкка чакыргандарды жазалоо мыйзамын кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 616 | 0

Өзбекстан сенаты массалык башаламандыкка болгон чакырыктар үчүн жазага тартуу мыйзамын кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Мыйзамда бийликтин талаптарына баш ийбөөгө, массалык нааразычылыкка үндөгөн коомдук билдирүүлөр үчүн берилүүчү жаза өлчөмү аныкталган.

Бул үчүн 100дөн 300гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айып пул, же 2 жылга чейинки коомдук түзөтүү жумуштары, же 3 жылдан 5 жылга чейинки эркиндигин чектөө, же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM