Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалал-Абадда курал-жарак кампасы табылды

Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 711 | 0

Жалал-Абад облусунан курал-жарак жана ок-дары кампасы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кампадан «Ф-1» кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алынган курал-жарак жана ок-дары тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда УКМК тарабынан курал-жаракты жана ок-дарыны мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-издөө иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM