Биз менен байланышыңыз

Марипов Кеңеш айылындагы мектептин курулушуна капсула салды

Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 1031 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарына караган Кеңеш айылындагы билим берүү борборунун курулушуна капсула салууга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Сметалык баасы 800 миң долларды түзгөн борбордун курулушун Бүткүл дүйнөлүк жаш мусулмандар ассамблеясы каржылайт. Билим берүү борбору 500 окуучуга эсептелип, имаратта окуу класстары, административдик, лабораториялык, спорттук корпус сыяктуу бир катар кошумча бөлүмдөр жайгашкан.

Өкмөт башчы ушул өңдүү социалдык объектилердин курулушунун маанилүүлүгүн белгилеп, инвесторлорго билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң Премьер-министр Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы 375 орундуу орто мектептин курулушун көрүп чыкты. Аталган мекеменин жетекчилиги мектеп пайдаланууга даяр экенин, бирок курулуш жүргүзгөн компанияларга 6 млн сом өлчөмүндө карызы төлөнбөй калганын маалымдашты. Улукбек Марипов жаңы окуу жылынан баштап балдардын заманбап мектепте окуп баштоосу үчүн каржы маселесин чечип берүүнү тийиштүү органдарга тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM