Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирустан төрт бейтап каза болду

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 659 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкек шаарында – 31 , Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 18, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан табылган. Ошол учурда бир сутка ичинде 48 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында — 1, Чүй облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда 312 бейтап, амбулатордук түрдө 260 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 1 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 755 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 766 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM