Биз менен байланышыңыз

Баткенде жарандар УКМК кызматкерлерине курал көтөргөн

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 694 | 0

Баткен районунун Самаркандек айылында УКМК кызматкерлери менен жарандардын ортосунда куралдуу кагылыш чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалым болгондой, 11-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМК кызматкерлери Самаркандек айылындагы кампага тинтүү жүргүзгөн. Бирок кампанын ээси Маширап Абдусаламов баштаган 20га жакын адам атайын кызматтын өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көргөзүшкөн.

Натыйжада, мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кагылыш учурунда УКМКнын эки кызматкери жеңил жаракат алган.

Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу биргеликте иш алып барууда.

Факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM