Биз менен байланышыңыз

Өсүмдүк майы жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишимдер түзүлөт

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 609 | 0

Өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчүлөрү менен түз келишимдерди түзүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы айыл чарба жарманкесинде айтты.

Премьер-министр учурда Өкмөт бир катар азыктардын баасын кармап туруу үчүн бардык мүмкүн болгон күч-аракеттерин жасап жатканын белгиледи.

«Азык-түлүк коопсуздугу,  негизги тамак-аш азыктарынын баасын жөнгө салуу маселелери менин жеке көзөмөлүмдө турат. Жооптуу мамлекеттик органдарга өсүмдүк майын жана шекерди өлкөгө жеткирүү жана андан кийин жеткиликтүү баада сатуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз келишимдерди түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатат, » — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал буга чейин кумшекер жана өсүмдүк майын иштетүү жана өндүрүү максатында кант кызылчасын жана күнкараманы айдоо аянтын кеңейтүүнү тапшыргандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM