Биз менен байланышыңыз

«Кадрларды тандоодо элдин пикири эске алынат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2021 | 694 | 0

Улуттук кадрлар резервине беш жылда болгону 66 адам киргизилген, бул өтө аз. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, резервдеги 66 адамдын 42си гана жумушка тартылган. Улуттук кадрлар резервин эч ким караган эмес. Мындан улам жаңы кадр резерви түзүлүп жатат.

Министрликтердин сынактык комиссиясынын курамына таза иштеген, кесипкөй адистер, аны менен катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана Кадр кызматынын өкүлү киргизилди. Ички кадрлар резервине кокустан келип калгандар тазаланды.

Кызматкерлерди тандоодо элдин пикири эске алынат. Татыксыз кадрлар электен өтөт.

«Кызматкерлерди мамлекет коргоого алып, маянасын көтөрүп, иштөө шартын жакшыртышы керек. Бул боюнча Каржы министрлиги иштеп жатат», — дейт Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM