Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Кадр тандоодо Матраимовдордун көп таасири жок

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 899 | 0

Экс-вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде кадр тандоо маселесинде Матраимовдордун көп таасири жок экенин билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдордун айтканы айткандай аткарылып жаткан учур жок. Тескерисинче, Матраимовдорду жаман көрсөтүп, кадр маселесин калаагандай чечүү — кимдир бирөөлөргө ыңгайлуу болуп жатат. Мындай аракетти жасагандар — мамлекеттик үлкөн кызматта отурган адамдар.

«Матраимовдорго шылтап коюп жүрө берүү — кимдир бирөөлөргө ыңгайлуу окшойт. Бул да суроо туудурат», — дейт Маматалиев.

Анын баамында,  Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов жөнөкөй, кичипейил жигиттей көрүнгөн.

Маматалиев кошумчалагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдорду улуттук баатырга айлантып салды. Бийлик Матраимовдордун дарегине айтылып жаткан сындар чындыкка дал келип, же келбей турганын так айтышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM