Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов 2 айга камакка алынды

Кыска кабар , Саясат | 20 Фев 2021 | 1247 | 0

Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу Мадина Ниязова билдирди.

Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Эске салсак, Райымбек Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 млрд сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM