Биз менен байланышыңыз

Матраимов кан басымга байланыштуу даттанды, Абылгазиев ачкачылык жарыялаган жок

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 748 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов артериалдык кан басымга байланыштуу даттанды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Рысбековдун айтымында, бүгүн УКМКнын абагына барып, камактагы жарандардын шарты менен таанышкан. Ал учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун да абалын сураган. Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын, анын себеби мурдагы өнөкөт ооруларына байланыштуу болгонун айтып, УКМКдагы абалга эч кандай даттануусу жок экендигин билдирген.

Рысбеков ошондой эле экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин УКМКнын тергөө абагында эч кандай ачкачылык жарыялабагандыгын кошумчалады.

Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасын 20-февралда карап, 2 айга камакка алган.

Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Маалыматка ылайык, ал мыйзамсыз кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Эске салсак, Райымбек Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 млрд сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.

УКМК 26-январда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди мыйзамсыз баюу жана коррупцияга байланыштуу кармап, 15-февралда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Ал премьер-министр болуп турганда мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына каршы келген токтомго кол койгон. Тагыраагы, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүнгөн. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарды түзүп калган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Абылгазиев мындан тышкары, мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз түрдө өзүнүн мүлкүн расмий кирешесинен бир нече эсе ашырган. Аны мыйзамдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган.

Ошондой эле көп батирлүү элиталык үйлөрдү курууга инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул мүлктөр башкалардын атына катталган.

Copyright © 2017 Maral FM