Биз менен байланышыңыз

«Кызматкерлерди ротациялоо башталат»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Мар 2021 | 708 | 0

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев «Маралга» берген маегинде кызматкерлерди ротациялоо башталарын билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийликке туугандарынын колдоосу менен келип калгандар да бар. Бүгүнкү күндө жердешчилик деген маселе бар, аны моюнга алуу керек.

Ар бир акимдин, орун басарларынын ишмердигине баа берилип, мыкты иштегендер кызматта калат.

Иштей албагандарды аттестациянын жыйынтыгы менен иштен бошотууга сунуш киргизилет.

Ал эми мыкты иш алып баргандарды жогорку деңгээлдеги резервге киргизүү каралган.

«Маданият кызматкерлери тарабынан да резерв даярдоого болот. Алдыда министрликтер менен биргеликте тармактык резерв түзө баштайбыз», — дейт Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM