Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Кадрлар жетиштүү. Бирок татыктуулар тандалбай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 670 | 0

Өлкөдө кадрлар жетиштүү. Бирок татыктуу адамдар тандалбай жатат. Бул тууралуу экс-вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эптеп өз адамын кызматка коюу аракети күч. Саясий кызматка да, административдик кызматка да бирдей талап коюлушу керек. Учурда саясий кызмат чоң жетекчилерге ыңгайлуу болуп жатат.

-Мамлекеттик кызматта мыктылар иштесин десек, алар алган маяна, жумуш шарты жакшы болушу кажет. Мамлекеттик кызматка баруу ардактуу болушу керек. Ал үчүн керектүү шарттар түзүлүп, мамлекет бул жаатта иш алып баруусу зарыл, — дейт Маматалиев.

Ал буга кошумчалагандай, эл өкүлдөрүнүн мамлекеттик кызматтарды бөлүштүрүп алгандары туура эмес.

-Кадрларды тандоо мүмкүнчүлүгүн өкмөт башчыга берип,  андан жоопкерчилик маселесин талап кылууга болот. Азыр депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге «эртең сага ишенбестик көрсөтөбүз» деген коркутуу менен өз адамдарын кызматка койдурушат. Ал адамдын жаман иши ортого чыгып калса, депутаттар четке чыгып кетет. Мындай тажрыйбадан арылуу зарыл, — дейт Маматалиев.

Copyright © 2017 Maral FM