Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Татыксыз адамдарды коргоп калуу позициясы көп кездешүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 563 | 0

Кызматкердин мыйзамсыз аракети үчүн аны тандоого катышкандардын баардыгы жооп бериши керек. Аларды жоопко тартуу үчүн керектүү механизмдер бар. Мындай пикирин экс-вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

-Алсак, жетекчинин орун басарын тандоого бир топ адамдар катышат. Өкмөттүн аппаратында да пикирин айта турган бөлүмдөр бар. Ошолордун баары жооп бериши керек. Эгерде кадр кылмышка шектүү болсо, аны укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө мыйзам жол берет. Бирок ошол иштер жасалбай жатат. Ар ким өзүн алып качып, керек болсо андай кызматкерди сактап калуу аракети көрүлүүдө. Татыксыз адамдарды коргоп калуу позициясы көп кездешүүдө», — дейт Маматалиев.

Ал кызматкерлердин ишине такай функционалдык анализ жүргүзүлүп турушу керектигин белгиледи.

Маматалиевдин баамында, жакшы иштеген кадр да «шайлоодо мага иштеген эмес» деген принцип менен кызматтан четтетилип калууда.

-Натыйжада «кечээ мага чуркаган эле» деген себеп менен эч жерде иштебеген бирөөнү министр кылып коюп жатышат. Бирок андай кызматкерлер иштей албай, жумушту артка тартышууда. Экинчиден, күмөндүү ишке аралашкандар да кызматка алынышып, жалпы мамлекеттик кызматка шек келтирип жатышат», — дейт Маматалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM