Биз менен байланышыңыз

Японияда чет элдиктердин кирүүсүнө коюлган чектөө сакталат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 633 | 0

Япон өкмөтү 7-марттан кийин Токиодо жана башка 9 префектурада өзгөчө кырдаал толугу менен жоюлганга чейин дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына кирүү визаларын берүүгө тыюу салууну сактоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу «Йомиури» басылмасы өкмөттүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, алты префектурадагы өзгөчө кырдаал 28-февралда алынып салынат деп күтүлүүдө, бирок Токиодо жана анын тегерегиндеги райондордо 7-мартка чейин сакталат.

Япониянын Тышкы иштер министри Тошимитсу Мотеги 26-февралда өткөн жыйында маалыматты төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

«Азырынча эч нерсе чечиле элек. Биз чет өлкөдөгү пандемиялык кырдаал боюнча маалыматтарды ар тараптуу талдоонун негизинде өлкөгө кирүүнү караштырабыз», —  деди ал.

Учурда өлкөгө туруктуу жашаган жана узак мөөнөттүү визасы бар япон жарандары жана чет өлкөлүктөр гана кире алышат. Чек арадан өтүп жатканда 72 сааттын ичинде берилген COVID-19 тестинен өткөндүгү жөнүндө сертификат болушу керек. Аэропортко келгенден кийин дагы бир жолу тест тапшырылат. Ал эми чет элдиктер үйүндө 14 күндүк карантиндик мөөнөттөн өтүшү керек.

Японияда эпидемия учурунда 430 миңден ашуун жаңы коронавирустук инфекциялар табылып, 7700дөн ашуун адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM